Загрузка документа…
АРСТАНБАП АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
АРСТАНБАП АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН VII ЧАКЫРЫЛЫШ КЕЗЕКТЕГИ XVI СЕССИЯСЫ
2020-жылдын 21-январы № 2
Элдик курултайда кабыл алынгын айыл мыйзамын бекитүү жөнүндө
Арстанбап айыл аймагындагы Элдик курултайда кабыл алынган айыл мыйзамын угуп жана талкуулап Арстанбап айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арстанбап айыл аймагында өткөрүлгөн Элдик Курултайда кабыл алынган айыл мыйзамы бекитилсин.
2. Арстанбап бекитилген айыл мыйзамын Жалал-Абад областык юститциядан өткөрүү Арстанбап айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Досибаевага жүктөлсүн.
3. Арстанбап айыл аймагынын айыл мыйзамын ишке ашыруу Арстанбап айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу коммиссиясына жүктөлсүн.
5. Токтом Арстанбап айыл Өкмөтүнүн www.Arstanbap.kg расмий сайытында жариялансын.
Арстанбап айылдык Кеңешинин төрагасы: |
Ж. Абдухалилов |