Загрузка документа…
АРСТАНБАП АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
АРСТАНБАП АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН VII ЧАКЫРЫЛЫШ КЕЗЕКТЕГИ XVIII СЕССИЯСЫ
2020-жылдын 6-июлу № 1
COVID-19 илдетин жайылтпо жөнүндө
Учурда жүрүп жаткан кырдаалды эске алып Арстанбап айылдык Кеңеши токтом кылат.
ТОКТОМ.
1. Учурдагы кырдаалга байланыштуу COVID-19 илдетин алдын алуу максатында Арстанбап айыл аймагында спирттик ичимдиктерди сатууга тыю салынсын.
2. Токтомду аткарылышын Арстанбап айыл аймагынын Арстанбап айылынын, айыл башчысы Н.Козуевке, Б.Бурхановко, Гумкана, Жарадар айылынын айыл башчысы А.Давлеталиевке, Бел-Терек айылынын айыл башчысы А.Борбуевке, Жай-Терек айылынын айыл башчысы А.Масировко милдеттендирилсин.
3. Токтомду аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
4. Токтом Арстанбап айыл Өкмөтүнүн www.Arstanbap.kg расмий сайытында жариялансын.
Арстанбап айылдык Кеңешинин төрагасы: |
Ж. Абдухалилов |