Загрузка документа…
АРСТАНБАП АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
АРСТАНБАП АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН VII ЧАКЫРЫЛЫШ КЕЗЕКТЕГИ XVIII СЕССИЯСЫ
2020-жылдын 6-июлу № 6
Садиков Абдурашид Алимжановичтин там аркасынан 200м2 жер аянтын Арстанбап айыл Өкмөтүнүн муниципалдык мүлк реестрине киритип, муниципалдык мүлк катары каттоого алуу жөнүндө
Арстанбап айылынын тургуну Садиков Абдурашид Алимжановичтен келип түшкөн сунушут угуп жана талкуулап, Арстанбап айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Арстанбап айылынын тургуну Садиков Абдурашид Алимжанович өзүнүн там аркасынан өз калоосу менен берип жаткан 200м2 жер аянты Арстанбап айыл Өкмөтүнүн муниципалдык мүлк реестрине киритилсин,муниципалдык мүлк катары кабыл алынсын.
2. Кабыл алынган 200м2 жер тилкесине керектүү иш кагаздары даярдоо Арстанбап айыл Өкмөтүнүн жер адиси М.Мусакуловако милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
4. Токтом Арстанбап айыл Өкмөтүнүн www.Arstanbap.kg расмий сайытында жариялансын.
Арстанбап айылдык Кеңешинин төрагасы: |
Ж. Абдухалилов |