Загрузка документа…
АК-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Тал айылдык Кеңешинин кезектеги XV-сессиясы
2018-жылдын 27-декабры № 15/2
Ак-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүндө Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча Комиссия тууралуу типтүү жобо бекитүү
Ак-Тал айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы М.Байбагышованын билдирүүсүн угуп, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 313-беренесин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-апрелиндеги №120-р буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, “Пробация жөнүндө”, “Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө” мыйзамдарын ишке ашыруу максатында Ак-Тал айылдык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Ак-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүндө Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча Комиссия тууралуу жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 313-беренесин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-апрелиндеги №120-р буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, “Пробация жөнүндө”, “Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө” мыйзамдарын ишке ашыруу максатында Ак-Тал айыл өкмөтүндө комиссиянын курамы түзүлсүн (тиркеме тиркелет).
3. Бул токтомду аткаруу жагы айыл аймагынын өкмөт башчысы Сатаров Эркинбекке милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Тал айылдык Кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартиби боюнча тармактык комиссиянын Кыдыралиев Санташбекке тапшырылсын.
Кенештин төрагасы | М.Ж. Сулайманов |
Ак-Тал айылдык Кеңешинин
кезектеги ХV сессиясынын
№ 15/2 токтомуна №1 тиркеме
Ак-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүндө Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча түзүлгөн комиссиянын курамы:
1. Максүтов Болотбек - комиссиянын төрагасы, жергиликтүү жамааттын мүчөсү.
2. Дүйшөев Урматбек - комиссиянын төрагасынын орун басары, АКС инспектору
3. Тентимишова Жаңылмырза - комиссиянын катчысы, муниципалдык кызматкер.
Комиссиянын мүчөлөрү:
4. Аалыбаев Рахат - мектеп директору
5. Кыдыралиев Санташбек - депутат.
6. Усубалиева Роза - Аялдар Кеңешинин төрайымы.
7. Акматов Жолдошбек - айылдык имам
8. Абдылдаева Мыскал - Аялдар Кеңешинин мүчөсү, муниципалдык кызматкер.
9. Маширипова Жумабүбү - жергиликтүү жамааттын мүчөсү.
Жооптуу катчы: | М.Байбагышова |