Загрузка документа…
АК-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Тал айылдык Кеңешинин кезектеги XV-сессиясы
2018-жылдын 27-декабры № 15/3
Кыргыз Республикасынын, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен келишим түзүү жөнүндө
Ак-Тал айыл аймагынын өкмөт башчысы Сатаров Эркинбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, депутаттардын Ак-Тал айылдык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.12.2014-жылдагы №715 токтомуна ылайык Ак-Талаа райондук мамлекеттик статистика бөлүмү менен Ак-Тал айыл өкмөтүнүн типтүү келишими бекитилсин.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү менен жер, турак жай, коммуналдык жана ӨК боюнча башкы адис-статистке берилген финансылык, материалдык жана башка каражаттарды республикалык бюджеттен карап берүүсү суралсын.
Кенештин төрагасы | М.Ж. Сулайманов |