Загрузка документа…
АК-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Тал айылдык Кеңешинин кезектеги XV-сессиясы
2018-жылдын 27-декабры № 15/4
Кыргыз Республикасынын жер Кодексинин 27-статьясынын 1-пунктуна ылайык Ак-Тал айыл аймагына таштанды төгүүчү жайга жерди аныктап берүү жөнүндө
Ак-Тал айыл аймагынын өкмөт башчысы Сатаров Эркинбектин билдирүүсүн угуп, депутаттардын Ак-Тал айылдык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Ак-Тал айыл аймагындагы №98, 99, 100- контурларда айыл чарба багытында болбогон башка жерлер (прочие земли) “Кыргызмамжердол-борлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долборлоо институту мамлекеттик ишканасынын 12.10.2018-жылдагы №01-8/1342 корутундусуна ылайык башка жерлер экендиги аныкталсын.
2. Кыргыз Республикасынын жер Кодексинин 27-статьясынын 1-пунктуна ылайык, айыл чарба багытында болбогон муктаждыктар үчүн жер аянты таштанды төгүүчү жай катары бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтомдун аткаруу Ак-Тал айыл аймагынын өкмөт башчысы Сатаров Эркинбекке милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү жер, агрардык реформа, курулуш, транспорт жана байланыш боюнча тармактык комиссиясына тапшырылсын.
Кенештин төрагасы | М.Ж. Сулайманов |