Загрузка документа…
АК-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Тал айылдык Кеңешинин кезектеги XVI-сессиясы
2019-жылдын 29-январы № 16/2
Долбоорлордун дизайнын талкуулоо жөнүндө
Ак-Тал айыл аймагынын долбоорлордун дизайнын талкуулоо жөнүндө чогулуштун токтомун угуп, талкуулап, депутаттардын Ак-Тал айылдык Кеңешинин сессиясы отурумдун чогулушу токтом кылат:
1. АРИСтин айылды инвестициялоо долбоорунун АИД-3 этабына коомчулукка тийиштүү айылдагы социалдык жана экономикалык инфраструктураны жакшыртуу максатында өтүлгөн конкурска катышуунун алкагында фокус топтордон айыл аймактын жыйындарында келип чыккан:
- Ири долбоорго - Ак-Тал айыл аймагына заманбап ФАПтын имаратын куруу жана ички эмеректер менен жабдуулоо,
- Кичи долбоорго - Ак-Тал айыл аймагындагы айылдык мончону капиталдык ремонттон өткөрүү сунушунун дизайны жактырылсын.
2. Жактырылган долбоорлор АРИС уюмунун АИД-3 боюнча өткөрүлгөн облустук конкурстун комиссиясына сунушталсын.
3. Долбоорду сапаттуу өз мөөнөтүнөн кечиктирбей берүү жагы демилгелүү топко тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Кенештин төрагасы | М.Ж. Сулайманов |