Загрузка документа…
АК-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Тал айылдык Кеңешинин кезексиз XVIII-сессиясы
2019-жылдын 6-апрели № 18/1
Ак-Тал айылынын 2035-жылга чейинки өнүгүү боюнча Башкы планы
Ак-Тал айылынын келечектеги өнүгүсүнө байланышкан көйгөйлөрдүн, маселелердин топтомун чечүү, калктын жашоо-тиричилигине жагымдуу шарттады түзүп берүү, мамлекетик аймактарды өнүктүрүү программасына ылайык тараптардын шаар куруу ишиндеги кызыкчылыктарын мыйзамдардын чегинде коргоо үчүн Ак-Тал айылынын Башкы планына байланышкан жана пландаштырылып жана гармониялуу өнүгүүсү үчүн Нарын областынын Ак-Талаа районунун Ак-Тал айылынын депутаттар кенеши чечим кылат:
1. Н. Исанов атындагы Кыргыз малекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетине караштуу «Технопарк» илимий технологиялык борбору тарабынан иштелип чыккан Ак-Тал айылынын Башкы планынын 2035жылга чейинки өнүгүү долбоору бекитилсин.
2. Ак-Тал айыл өкмөтүнүн:
- Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясы жана аталган райондун кыймылсыз мүлктөрдү каттоо бөлүмү менен биргеликте 2019-жылдын 1-августуна чейин, Ак-Тал айылынын Башкы планда каралган жаны чектеринин долбоорун Ак-Тал айылынын өкмөтү Кыргызгипрозем институту аркылуу долбоорун иштеп чыгып, Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясына кароого киргизилсин.
- Ак-Тал айылынын мамлекеттик шаар куруу кадастрынын электрондук версиясы иштелип чыксын;
- Куруу иштерин жүргүзүү бекитилген Башкы пландын негизги чечимдерине ылайык болсун.
3. Бул чечимдин аткарылышы Нарын областынын Ак-Талаа районунун башкы архитектура Р.К. Алдеевке сунушталсын.
Кеңешинин төрагасы | М. Сулайманов |