Загрузка документа…
АК-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Тал айылдык Кеңешинин кезексиз XIX-сессиясы
2019-жылдын 30-майы № 19/1
Ак-Тал айыл аймагынын нефть, газ кендерин чалгындоого уруксат берүү жөнүндө
Ак-Тал айыл аймагынын өкмөт башчысы Сатаров Эркинбектин билдирүүсүн угуп, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 28-беренесине, “Жер казынасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, депутаттардын сын-сунуш, пикирлерин угуп жана талкуулап, Ак-Тал айылдык Кенешинин сессиясы токтом кылат:
1. Ак-Тал айыл аймагында нефть, газ кендерин чалгындоого Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети тарабынан берилген лицензиялар-дын негизинде ОсОО “Энергоресурсы Тянь Шань” жана ОсОО “Энергоресурсы Средней Азии” компанияларына уруксат берилсин.
2. Ак-Тал айыл аймагында чалгындоо иштерин жүргүзүүдө көрсөтүлгөн баардык мыйзамдарды сактоо жагы ОсОО “Энергоресурсы Тянь Шань” жана ОсОО “Энергоресурсы Средней Азии” компанияларына милдеттендирилсин.
3. Айылдын аймагында чалгындоо иштерин жүргүзүүдөгү ишмердигин көзөмөлгө алып туруу жагы өкмөт башчы Сатаров Эркинбекке милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер, агрардык реформа, курулуш, транспорт, байланыш боюнча тармактык комиссиясына тапшырылсын.
Кеңештин төрагасы | М. Сулайманов |