Загрузка документа…
АК-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Тал айылдык Кеңешинин кезексиз XIX-сессиясы
2019-жылдын 30-майы № 19/3
“Ак-Тал” бала бакчасына кошумча тайпа жөнүндө
“Ак-Тал” бала бакчасынын башчысы Макеева Айгүлдүн билдирүүсүн угуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, депутаттардын сын-сунуш, пикирлерин угуп жана талкуулап, Ак-Тал айылдык Кенешинин сессиясы токтом кылат:
1. “Ак-Тал” бала бакчасына кошумча тайпа ачууга уруксат берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү Мыйзамынын 7-беренесинин 1-пунктуна ылайык 2 жаштан 3 жашка чейинки балдарды тарбиялоо үчүн “Ак-Тал” бала бакчасына кошумча тайпа ачууга уруксат берилсин.
3. Кошумча тайпа ачуу боюнча тийиштүү иш кагаздарын даярдоо “Ак-Тал” бала бакчасынын башчысы Макеева Айгүлгө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Алакова Самарага тапшырылсын.
Кеңештин төрагасы | М. Сулайманов |