Загрузка документа…
АК-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Тал айылдык Кеңешинин кезектеги XXI-сессиясы
2019-жылдын 13-августу № 21/1
Ак-Тал айыл өкмөтүнүн айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимди бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы №715 токтому менен бекитилген “Берилген айрым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттерге берилүүчү трансферттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасын бекитүү жөнүндө” жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 28-декабрындагы №888 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги жөнүндө Жобонун негизинде Ак-Тал айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Сатаров Эркинбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Тал айылдык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы №715 токтомуна ылайык Ак-Талаа райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы менен Ак-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн келишими бекитилсин.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү менен социалдык иштер боюнча адистигине берилген финансылык, материалдык жана башка каражаттарды республикалык бюджеттен карап берүүсү суралсын.
Кеңештин төрагасы: | Сулайманов Муратбек |