Загрузка документа…
АК-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Тал айылдык Кеңешинин кезектеги XXII-сессиясы
2019-жылдын 11-ноябры № 22/1
Ак-Тал айыл аймагынын жергиликтүү демилгелерди тандоонун жана каржылоонун тартиби жөнүндө ЖОБОну бекитүү жөнүндө
Ак-Тал айыл аймагынын жергиликтүү демилгелерди тандоонун жана каржылоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу ӨСИ долбоорунун Ак-Тал айыл өкмөтүндөгү координатору У.Дүйшөевдин билдирүүсүн угуп, депутаттардын сын-сунуш, пикирлерин угуп жана талкуулап, Ак-Тал айылдык Кенешинин сессиясы токтом кылат:
1. Ак-Тал айыл аймагынын жергиликтүү демилгелердин тандоонун жана каржылоонун тартиби жөнүндө жобо бекитилсин.
2. Ушул токтом жана Ак-Тал айыл аймагынын жергиликтүү демилгелерди тандоонун жана каржылоонун тартиби жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча агенттигинин www.gamsumo.gov.kg веб-сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтом жана Ак-Тал айыл аймагынын жергиликтүү демилгелерди тандоонун жана каржылоонун тартиби жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Тал айыл аймагынын өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы ӨСИ долбоорунун Ак-Тал айыл өкмөтүндөгү координатору У.Дүйшөевге милдеттендирилсин.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кеңештин төрагасы: | М.Сулайманов |