Загрузка документа…
АК-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Тал айылдык Кеңешинин кезектеги XXIII-сессиясы
2019-жылдын 30-декабры № 23/2
Ак-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Жапаров Ильичбектин билдирүүсү жөнүндө
Ак-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Жапаров Ильичбектин билдирүүсүн угуп, депутаттардын сын-сунуш, пикирлерин угуп жана талкуулап, Ак-Тал айылдык Кенешинин сессиясы токтом кылат:
1. Ак-Тал айыл аймагынын Жайыт Пайдалануучулар Бирикмесиин 2019-жыл үчүн 153900 (бир жүз элүү үч миң тогуз жүз) сом чогулгандыгы белгиленсин.
2. Жайыт Пайдалануучулар Бирикмесинин 2019-жылдагы бюджетиндеги акча каржатынын үчтөн бир көлөмү айыл өкмөтүнүн бюджетинде калбастан толугу менен которулуп берилсин.
3. Жайыт Пайдалануучулар Бирикмесине 153900 (бир жүз элүү үч миң тогуз жүз) сомду толук которуп берүү жагы Ак-Тал айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Жапаров Ильичбекке тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык, финансы жана бюджет боюнча тармактык комиссиянын төрайымы Рыспаева Айнагүлгө милдеттендирилсин.
Кеңештин төрагасы: | М.Сулайманов |