Загрузка документа…
АК-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Тал айылдык Кеңешинин кезектеги XXIII-сессиясы
2019-жылдын 30-декабры № 23/6
Ак-Тал айыл аймагындагы кыймылсыз мүлктөрдү муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мүлктөрдү муниципалдык менчик жөнүндө мыйзамынын 8-статьясына ылайык, Ак-Тал айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Тал айыл аймагынын А.Жумалиев көчөсүндөгү №20 (ФАП), А.Жумалиев көчөсүндөгү №26 (клуб), А.Жумалиев көчөсүндөгү №44 (айыл өкмөтү), И.Жусубалиев көчөсүндөгү №46 (мончо) даректеринде жайгашкан кыймылсыз мүлктөрдү Ак-Тал айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин (тиркеме тиркелет).
2. Ак-Тал айыл өкмөтүнө белгиленген тартипте, тиркемеге ылайык социалдык обьектилердин муниципалдык менчик катары, тийиштүү иш кагаздарын бүткөрүп, тиешелүү мекемелерден укук тастыктоочу документтерин алуу жагы милдеттендирилсин.
3. Тиешелүү иш кагаздарды мыйзамдаштыруу жана укук берүүчү документтери Ак-Талаа райондук кыймылсыз мүлктөрдү каттоо башкармалыгынан суралсын.
4. Бул токтомду аткаруу жагы Ак-Тал айыл аймагынын өкмөт башчысы Сатаров Эркинбекке милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер, агрардык, реформа, курулуш, транспорт жана байланыш боюнча тармактык комиссиянын төрагасы К.Рысбековго тапшырылсын.
Кеңештин төрагасы: | М.Сулайманов |
Тиркеме 1
Ак-Тал айылдык Кеңешинин
2019-жылдын 30-декабрындагы
№23/6 токтомуна
Ак-Тал айыл аймагындагы муниципалдык менчикке кабыл алуучу социалдык обьектилердин тизмеси
№ | Обьектинин аталышы | Аянты м.кв. | Код ЕНИ | Дареги |
1 | Фельдшердик акушердик пункт (ФАП) | 1687 | 4-01-09-1001-0102 | А.Жумалиев көчөсү №20 |
2 | Клуб | 4755 | 4-01-09-1001-0105 | А.Жумалиев көчөсү №26 |
3 | Айыл өкмөтүнүн имараты | 2092 | 4-01-09-1001-0243 | А.Жумалиев көчөсү №44 |
4 | Коомдук мончо | 360 | 4-01-09-1001-0154 | И.Жусубалиев көчөсү №46 |
Жер, турак жай, коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис: | И.Айталиев |