Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXIX чакырылышы Кезектеги XXV сессиясы
2021-жылдын 22-апрели № 2
«2020-жыл ичинде шаардын социалдык-экономикалык жактан өнүгүү планынын, шаардык бюджеттин аткарылышы жана калкты социалдык жактан коргоо маселелери тууралуу шаардын мэринин отчету жөнүндө»
2020-жыл ичинде шаардын социалдык-экономикалык жактан өнүгүү планынын, шаардык бюджеттин аткарылышы жана калкты социалдык жактан коргоо маселелери тууралуу шаардын мэри Н.Доулбековдун отчетун угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин ХХIX чакырылышынын кезектеги 25 – cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2020-жыл ичинде шаардын социалдык-экономикалык жактан өнүгүү планынын, шаардык бюджеттин аткарылышы жана калкты социалдык жактан коргоо маселелери тууралуу шаардын мэри Н.Доулбековдун отчету канааттандырарлык деп белгиленсин.
2. Таш-Көмүр шаарынын 2020-жылдагы жергиликтүү бюджетинин киреше болүгүнүн планы 93845,5 мин сомго такталып, аткарылышы 88707,0 мин сомду же 104,2%ды түзгөндүгү белгиленип, №1 тиркеме ылайык бекитилсин.
3. Таш-Көмүр шаарынын 2020-жылдагы жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн планы 93845,5 мин сомго такталып, аткарылышы 77897,8 мин сомду же 83,0%ды түзгөндүгү белгиленип, №2 тиркеме ылайык бекитилсин.
4. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
5. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүно кирсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кенештин алдындагы “Экономика жана бюджет” маселеси боюнча туруктуу комиссиясына (М.Сооронбаев) жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин төрагасынын милдетин аткаруучу: |
А. Мамасалиева |