Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXIX чакырылышы Кезектеги XXV сессиясы
2021-жылдын 22-апрели № 6
«Шаардын аймагында короновирустук инфекциянын (COVID - 19) илдети боюнча эпидемиологиялык кырдаалда шаардык мэриянын бул багытта аткарган иштери тууралуу шаардын вице-мэри А.Темирбаеванын маалыматы»
Шаардын аймагында короновирустук инфекциянын (COVID - 19) илдети боюнча эпидемиологиялык кырдаалда шаардык мэриянын бул багытта аткарган иштери тууралуу шаардын вице-мэри А.Темирбаеванын маалыматын угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXIX чакырылышынын кезектеги 25 – cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардын аймагында короновирустук инфекциянын (COVID - 19) илдети боюнча эпидемиологиялык кырдаалда шаардык мэриянын бул багытта аткарган иштери тууралуу шаардын вице-мэри А.Темирбаеванын маалыматы эске алынсын.
2. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
3. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин төрагасынын милдетин аткаруучу: |
А. Мамасалиева |