Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXIX чакырылышы Кезектеги XXV сессиясы
2021-жылдын 22-апрели № 7
«Таш-Көмүр шаардык мэриясынын 25.02.2021-жылдагы «Таш-Көмүр шаарынын 2035-жылдарга чейинки башкы планынын концепциясын бекитип берүү тууралуу» №01-14/332 кайрылуу каты жөнүндө»
Таш-Көмүр шаардык мэриясынын 25.02.2021-жылдагы «Таш-Көмүр шаарынын 2035-жылдарга чейинки башкы планынын концепциясын бекитип берүү тууралуу» №01-14/332 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары С.Сарбагышеванын маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин ХХIX чакырылышынын кезектеги 25– cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Көмүр шаардык мэриясынын 25.02.2021-жылдагы «Таш-Көмүр шаарынын 2035-жылдарга чейинки башкы планынын концепциясын бекитип берүү тууралуу» №01-14/332 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары С.Сарбагышеванын маалыматы эске алынсын.
2. Таш-Көмүр шаарынын 2035-жылдарга чейинки башкы планынын концепциясы №3 түрү (вариант) бекитилсин.
3. Таш-Көмүр шаары негизделген күндөн тартып бүгүнкү күнгө чейинки аймактын административдик чек арасын Кыргыз ССРнин Министрлер Совети тарабынан чыгарылган токтомдордун негизинде бекитилсин.
4. Таш-Көмүр шаарынын административдик чек арасы Аксы жана Ноокен райондук администрациялары менен макулдашууга жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
6. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясына (А.Райымжанов) жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин төрагасынын милдетин аткаруучу: |
А. Мамасалиева |