Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXIX чакырылышы Кезектеги XXV сессиясы
2021-жылдын 22-апрели № 8
«Шаардык мэриянын 31.03.2021-жылдагы “Шаардын аймагына караштуу Тендик айыл башкармалыгынын жер фондун инвентаризациялоо жана калктуу конуштарынын чек арасын тактоо боюнча жумушчу топтун материалдарын кароо тууралуу” №01-14/520 кайрылуу каты жөнүндө»
Шаардык мэриянын 31.03.2021-жылдагы “Шаардын аймагына караштуу Тендик айыл башкармалыгынын жер фондун инвентаризациялоо жана калктуу конуштарынын чек арасын тактоо боюнча жумушчу топтун материалдарын кароо тууралуу” №01-14/520 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары С.Сарбагышеванын маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин ХХIX чакырылышынын кезектеги 25– cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык мэриянын 31.03.2021-жылдагы “Шаардын аймагына караштуу Тендик айыл башкармалыгынын жер фондун инвентаризациялоо жана калктуу конуштарынын чек арасын тактоо боюнча жумушчу топтун материалдарын кароо тууралуу” №01-14/520 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары С.Сарбагышеванын маалыматы эске алынсын.
2. Жалал-Абад областынын Таш-Көмүр шаарына караштуу Тендик айыл башкармалыгынын жер фондун инвентаризациялоо жана калктуу конуштарынын чек арасын тактоо боюнча маалымат жетишсиздигине байланыштуу бул маселе боюнча толук кандуу материалдар менен камсыз кылуу жагы шаардык мэрияга милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
4. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясына (А.Райымжанов) жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин төрагасынын милдетин аткаруучу: |
А. Мамасалиева |