Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXIX чакырылышы Кезектеги XXV сессиясы
2021-жылдын 22-апрели № 9
Таш-Көмүр жарчысы”- “Вестник Таш-Кумыра” гезитинин редакциясынын 03.03.2021-жылдагы «Редакциянын гезитке жазылуулар, кулактандыруу, жарыялар, куттуктоолор жана некрологдор боюнча кызмат акы төлөмдөрүнүн тарифин бекитип берүү тууралуу» № 6 кайрылуу каты жөнүндө
«Таш-Көмүр жарчысы”- “Вестник Таш-Кумыра” гезитинин редакциясынын 03.03.2021-жылдагы «Редакциянын гезитке жазылуулар, кулактандыруу, жарыялар, куттуктоолор жана некрологдор боюнча кызмат акы төлөмдөрүнүн тарифин бекитип берүү тууралуу» № 6 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары С.Сарбагышеванын маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин ХХIX чакырылышынын кезектеги 25– cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Таш-Көмүр жарчысы”- “Вестник Таш-Кумыра” гезитинин редакциясынын 03.03.2021-жылдагы «Редакциянын гезитке жазылуулар, кулактандыруу, жарыялар, куттуктоолор жана некрологдор боюнча кызмат акы төлөмдөрүнүн тарифин бекитип берүү тууралуу» № 6 кайрылуу каты жөнүндө маселе жүйөөлү себептерге байланыштуу кийинки кезектеги сессияга жылдырылсын.
2. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
3. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясына (А.Райымжанов) жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин төрагасынын милдетин аткаруучу: |
А. Мамасалиева |