Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXIX чакырылышы Кезектеги XXV сессиясы
2021-жылдын 22-апрели № 10
“Шаардык мэриянын 15.04.2021-жылдагы “Таш-Көмүр шаарынын Аксы көчөсүнө маркум Шабданов Тагайбек Козубековичтин ысмын ыйгаруу тууралуу” №01-14/602 кайрылуу каты жөнүндө”
Шаардык мэриянын 15.04.2021-жылдагы “Таш-Көмүр шаарынын Аксы көчөсүнө маркум Шабданов Тагайбек Козубековичтин ысмын ыйгаруу тууралуу” №01-14/602 кайрылуу каты боюнча шаардык Кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары С.Сарбагышеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин ХХIX чакырылышынын кезектеги 25- cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык мэриянын 15.04.2021-жылдагы “Таш-Көмүр шаарынын Аксы көчөсүнө маркум Шабданов Тагайбек Козубековичтин ысмын ыйгаруу тууралуу” №01-14/602 кайрылуу каты боюнча шаардык Кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары С.Сарбагышеванын билдирүүсү эске алынсын.
2. Маркум Шабданов Тагайбек Козубековичтин ысымын түбөлүккө калтыруу максатында Таш-Көмүр шаарынын Аксы көчөсү «Шабданов Тагайбек» атындагы көчө деп өзгөртүлүп аталсын.
3. Жаңы ысым ыйгарылган көчөгө жазуу белгилерин даярдап илүү жагы шаардык муниципалдык менчик департаментине милдеттендирилсин.
4. Мындан ары ушул токтомго ылайык ар кандай нормативдик актыларды жана башка каттоо иштерин жүргүзүү шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлктү каттоо бөлүмүнө (А.Шоруков), ЗАГС бөлүмүнө, паспорт жана виза кызматына, шаардык архитектурага, шаардык мамлекеттик наториалдык кеңсесине (Г.Юлдашева), социалдык фондко (М.Жанабулов), «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасына (К.Кыдыралиев) милдеттендирилсин.
5. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.
6. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзадуулук” боюнча туруктуу комиссиясына (А.Райымжанов) жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин төрагасынын милдетин аткаруучу: |
А. Мамасалиева |