Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXIX чакырылышы Кезектеги XXV сессиясы
2021-жылдын 22-апрели № 12
«Таш-Көмүр Тазалык муниципалдык ишканасынын 18.02.2021-жылдагы “Тазалык ишканасынын жумушчуларын катуу тиричилик таштандыга жана саркынды сууга болгон төлөмдөрдөн бошотуу тууралуу» № 01-04/38 кайрылуу каты жөнүндө»
Таш-Көмүр Тазалык муниципалдык ишканасынын 18.02.2021-жылдагы «Тазалык ишканасынын жумушчуларын катуу тиричилик таштандыга жана саркынды сууга болгон төлөмдөрдөн бошотуу тууралуу» № 01-04/38 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары С.Сарбагышеванын маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин ХХIX чакырылышынын кезектеги 25– cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Көмүр Тазалык муниципалдык ишканасынын 18.02.2021-жылдагы «Тазалык ишканасынын жумушчуларын катуу тиричилик таштандыга жана саркынды сууга болгон төлөмдөрдөн бошотуу тууралуу» № 01-04/38 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары С.Сарбагышеванын маалыматы эске алынсын.
2. Таш-Көмүр Тазалык муниципалдык ишканасынын негизги жумушчулары гана катуу тиричилик таштандыга жана саркынды сууга болгон төлөмдөрдөн 100 % өлчөмүндө бошотулсун.
3. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
4. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясына (А.Райымжанов) жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин төрагасынын милдетин аткаруучу: |
А. Мамасалиева |