Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXIX чакырылышы Кезектеги XXV сессиясы
2021-жылдын 22-апрели № 13
«Шаардык мэриянын 25.02.2021-жылдагы “Шаардын аймагындагы эгин талааларда жүргөн мал жандыктарына айып пул салуу тууралуу” №01-14/333 кайрылуу каты жөнүндө»
Шаардык мэриянын 25.02.2021-жылдагы “Шаардын аймагындагы эгин талааларда жүргөн мал жандыктарына айып пул салуу тууралуу” №01-14/333 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары С.Сарбагышеванын маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин ХХIX чакырылышынын кезектеги 25– cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык мэриянын 25.02.2021-жылдагы “Шаардын аймагындагы эгин талааларда жүргөн мал жандыктарына айып пул салуу тууралуу” №01-14/333 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары С.Сарбагышеванын маалыматы эске алынсын.
2. Шаардын аймагындагы эгин талааларда жүргөн мал жандыктарына айып пул салуу маселеси шаардык Кеңештин компетенциясына кирбегендигине байланыштуу аталган маселе артка кайтарылсын.
3. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
4. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясына (А.Райымжанов) жүктөлсүн
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин төрагасынын милдетин аткаруучу: |
А. Мамасалиева |