Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXIX чакырылышы Кезектеги XXVI сессиясы
2021-жылдын 25-июну № 3
«Шаардын тазалыгы, көрктөндүрүү, жашылдандыруу маселелери боюнча шаардын аймагындагы мекеме ишканалардын жүргүзгөн иштери жөнүндө»
Шаардын тазалыгы, көрктөндүрүү, жашылдандыруу маселелери боюнча шаардын аймагындагы мекеме ишканалардын жүргүзгөн иштери тууралуу шаардын I вице –мэринин милдетин убактылуу аткаруучу, штабдын төрагасы О.Нурманбетовдун маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин ХХIX чакырылышынын кезектеги 26- cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардын тазалыгы, көрктөндүрүү, жашылдандыруу маселелери боюнча шаардын аймагындагы мекеме ишканалардын жүргүзгөн иштери тууралуу шаардын I вице –мэринин милдетин убактылуу аткаруучу, штабдын төрагасы О.Нурманбетовдун маалыматы эске алынсын.
2. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
3. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин төрагасы: |
С. Кудайбердиев |