Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXIX чакырылышы Кезектеги XXVI сессиясы
2021-жылдын 25-июну № 10
«Таш-Көмүр шаардык мэриясынын 15.06.2021-жылдагы «Шамалды-Сай шаарчасынын Ажыканов жана И.Раззаков көчөлөрүнүн тургундарынын салынып калган турак жайларын мыйзамдаштырып берүү тууралуу» №01-14/899 кайрылуу каты жөнүндө»
Таш-Көмүр шаардык мэриясынын 15.06.2021-жылдагы «Шамалды-Сай шаарчасынын Ажыканов жана И.Раззаков көчөлөрүнүн тургундарынын салынып калган турак жайларын мыйзамдаштырып берүү тууралуу» №01-14/899 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү С.Сарбагышеванын маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин ХХIX чакырылышынын кезектеги 26– cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Көмүр шаардык мэриясынын 15.06.2021-жылдагы «Шамалды-Сай шаарчасынын Ажыканов жана И.Раззаков көчөлөрүнүн тургундарынын салынып калган турак жайларын мыйзамдаштырып берүү тууралуу» №01-14/899 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү С.Сарбагышеванын маалыматы эске алынсын.
2. “Шамалды-Сай шаарчасынын Ажыканов жана И.Раззаков көчөлөрүнүн тургундарынын салынып калган турак жайларын мыйзамдаштырып берүү тууралуу» маселе толук такталбагандыгына байланыштуу кийинки сессияга жылдырылсын.
3. Жогорудагы маселени жеринде карап, тактап чыгуу үчүн шаардык Кенештин алдында депутаттык комиссиясы түзүлсүн.
4. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
5. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык Кенештин алдындагы «Мыйзамдуулук» боюнча туруктуу комиссиясына (А.Райымжанов) жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин төрагасы: |
С. Кудайбердиев |