Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXIX чакырылышы Кезектеги XXVI сессиясы
2021-жылдын 25-июну № 11
«Таш-Көмүр шаардык мэриясынын 21.05.2021-жылдагы «Таш-Көмүр шаарынын айрым жарандары жашап келе жаткан батирлерди муниципалдык менчик департаментинин балансына алуу тууралуу» №01-14/776 кайрылуу каты жөнүндө»
Таш-Көмүр шаардык мэриясынын 21.05.2021-жылдагы «Таш-Көмүр шаарынын айрым жарандары жашап келе жаткан батирлерди муниципалдык менчик департаментинин балансына алуу тууралуу» №01-14/776 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү С.Сарбагышеванын маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин ХХIX чакырылышынын кезектеги 26– cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Көмүр шаардык мэриясынын 21.05.2021-жылдагы «Таш-Көмүр шаарынын айрым жарандары жашап келе жаткан батирлерди муниципалдык менчик департаментинин балансына алуу тууралуу» №01-14/776 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү С.Сарбагышеванын маалыматы эске алынсын.
2. Таш-Көмүр шаарынын айрым жарандары жашап келе жаткан төмөндөгү батирлерди муниципалдык менчик департаментинин балансына алууга макулдук берилсин:
1. Таш-Көмүр шаары Баетов көчөсү 113-2;
2. Таш-Көмүр шаары Токтогул көчөсү 5-16;
3. Таш-Көмүр шаары Микрорайон 9-68;
4. Таш-Көмүр шаары Чапаев көчөсү 17-5;
5. Таш-Көмүр шаары Масалиев көчөсү 4-8;
6. Таш-Көмүр шаары Некрасов көчөсү 3-18;
7. Таш-Көмүр шаары Баймырзаев көчөсү 16-2;
8. Таш-Көмүр шаары Какелеев көчөсү 23-19;
9. Таш-Көмүр шаары Калинин көчөсү 3-6;
10. Таш-Көмүр шаары Баетов көчөсү 104;
11. Таш-Көмүр шаары Гагарин көчөсү 13-1;
12. Таш-Көмүр шаары Какелеев көчөсү 23-14;
13. Таш-Көмүр шаары Кызыл-Жар шаарчасы, Ахунбаев көчөсү 5;
14. Таш-Көмүр шаары “Куруучулар” кичи району 33-19;
15. Таш-Көмүр шаары Умбеталиев көчөсү 2а-5;
16. Таш-Көмүр шаары Масалиев көчөсү 1-1;
3. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
4. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясына (А.Райымжанов) жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин төрагасы: |
С. Кудайбердиев |