Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXIX чакырылышы Кезектеги XXVI сессиясы
2021-жылдын 25-июну № 12
«Таш-Көмүр шаардык мэриясынын 21.05.2021-жылдагы «Таш-Көмүр шаарынын “Куруучулар” кичи районунда жайгашкан №7-жатакананын А-блогун муниципалдык менчик департаментинин балансына алуу тууралуу» №01-14/776 кайрылуу каты жөнүндө»
Таш-Көмүр шаардык мэриясынын 21.05.2021-жылдагы «Таш-Көмүр шаарынын “Куруучулар” кичи районунда жайгашкан №7-жатакананын А-блогун муниципалдык менчик департаментинин балансына алуу тууралуу» №01-14/776 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү С.Сарбагышеванын маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин ХХIX чакырылышынын кезектеги 26– cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Көмүр шаардык мэриясынын 21.05.2021-жылдагы «Таш-Көмүр шаарынын “Куруучулар” кичи районунда жайгашкан №7-жатакананын А-блогун муниципалдык менчик департаментинин балансына алуу тууралуу» №01-14/776 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү С.Сарбагышеванын маалыматы эске алынсын.
2. Таш-Көмүр шаарынын “Куруучулар” кичи районунда жайгашкан №7-жатакананын А-блогун муниципалдык менчик департаментинин балансына алууга макулдук берилсин.
3. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
4. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясына (А.Райымжанов) жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин төрагасы: |
С. Кудайбердиев |