Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXIX чакырылышы Кезектеги XXVI сессиясы
2021-жылдын 25-июну № 13
“Таш-Көмүр шаардык мэриясынын 21.04.2021-жылдагы «Мамлекеттик жана саясий ишмер Жусуп Абрахмановдун ысымын шаардык борбордук китепканага ыйгаруу тууралуу» №01-14/637 кайрылуу каты жөнүндө”
Таш-Көмүр шаардык мэриясынын 21.04.2021-жылдагы «Мамлекеттик жана саясий ишмер Жусуп Абрахмановдун ысымын шаардык борбордук китепканага ыйгаруу тууралуу» №01-14/637 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиянын мүчөсү С.Сарбагышеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин ХХIX чакырылышынын кезектеги 26– cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Көмүр шаардык мэриясынын 21.04.2021-жылдагы «Мамлекеттик жана саясий ишмер Жусуп Абрахмановдун ысымын шаардык борбордук китепканага ыйгаруу тууралуу» №01-14/637 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиянын мүчөсү С.Сарбагышеванын билдирүүсү эске алынсын.
2. Мамлекеттик жана саясий ишмер Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгына карата Ж.Абдрахмановдун ысымын түбөлүккө калтыруу максатында, шаардык борбордук китепканага «Жусуп Абдрахмановдун» ысымы ыйгарылсын.
3. Шаардык борбордук китепкананын атын өзгөрткөндүгүнө байланышкан маселелерди чечүү жагы шаардык мэрияга, шаардык маданият бөлүмүнө жана шаардык борборлоштурулган китепканалар тармагына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.
5. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясына (А.Райымжанов) жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин төрагасы: |
С. Кудайбердиев |