Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXIX чакырылышы Кезектеги XXVIII сессиясы
2021-жылдын 13-октябры № 2
«2021-жылга карата бекитилген шаардык Кенештин иш планына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө»
«2021-жылга карата бекитилген шаардык Кенештин иш планына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө» шаардык Кенештин депутаты С.Сарбагышеванын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуштарын угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXIX чакырылышынын кезектеги 28-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «2021-жылга карата бекитилген шаардык Кенештин иш планына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө» шаардык Кенештин депутаты С.Сарбагышеванын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуштары эске алынсын.
2. Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин Регламентинин 3- бөлүгүнүн 9-бапына ылайык, 2021-жылга карата шаардык Кенештин бекитилген иш планынын III кварталындагы 1, 2 маселелерине төмөндөгүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
1. Шаардын социалдык экономикалык өнүгүү планынын, шаардык бюджеттин жана калкты социалдык жактан коргоо маселелеринин 2021-жылдын 9 айында аткарылышы боюнча шаардын мэринин отчету.
2. 2021-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча салык жыйымдарынын аткарылышы тууралуу салык башкармалыгынын башчысынын маалыматы.
3. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
4. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Бул токтомду аткаруу жагы шаардык Кенештин аппаратына жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин төрагасы: |
С. Кудайбердиев |