Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXIX чакырылышы Кезектеги XXVIII сессиясы
2021-жылдын 13-октябры № 3
«Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXIX чакырылышынын кезектеги 28-сессиясынын күн тартиби жөнүндө»
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин 2021-жылдын III кварталына бекитилген «Шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын отчету жөнүндө» маселени кийинки сессияга жылдыруу жөнүндө шаардык Кенештин депутаты А.Шералиеванын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуштарын угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXIX чакырылышынын кезектеги 28 – cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин 2021-жылдын III кварталына бекитилген «Шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын отчету жөнүндө» маселени кийинки сессияга жылдыруу жөнүндө шаардык Кенештин депутаты А.Шералиеванын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуштары эске алынсын.
2. Шаардык депутаттар Кеңешинин Регламентинин 9- бөлүгүнүн 9.2-пунктуна ылайык, “Шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын отчету жөнүндө” маселе жүйөлүү себептерге байланыштуу кийинки сессияга жылдырылсын.
3. Жогорудагы маселени шаардык Кенештин кийинки кезектеги сессиясына даярдап алып чыгуу жагы шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясына (А.Райымжанов) тапшырылсын.
4. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
5. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
6. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы шаардык депутаттар Кенешинин жооптуу катчысы Э.Тажимырзаевге жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин төрагасы: |
С. Кудайбердиев |