Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXIX чакырылышы Кезектеги XXVIII сессиясы
2021-жылдын 13-октябры № 6
“Шаардык мэриянын 14.09.2021-жылдагы “Жалал-Абад областынын өнүктүрүү фондуна” Таш-Көмүр шаарынан сунушталган 5 артыкчылыктуу долбоорлорду кароо тууралуу” №01-14/1322 кайрылуу каты жөнүндө”
Шаардык мэриянын 14.09.2021-жылдагы “Жалал-Абад областынын өнүктүрүү фондуна” Таш-Көмүр шаарынан сунушталган 5 артыкчылыктуу долбоорлорду кароо тууралуу” №01-14/1322 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Сооронбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXIX чакырылышынын кезектеги 28 – cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык мэриянын 14.09.2021-жылдагы “Жалал-Абад областынын өнүктүрүү фондуна” Таш-Көмүр шаарынан сунушталган 5 артыкчылыктуу долбоорлорду кароо тууралуу” №01-14/1322 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Сооронбаевдин маалыматы эске алынсын.
2. “Жалал-Абад областынын өнүктүрүү фондуна” Таш-Көмүр шаарынан сунушталган төмөндөгү 5 (беш) артыкчылыктуу долбоорлор жактырылып, колдоого алынсын:
- Таш-Көмүр шаарынын курулуш кичи районундагы №3 «Байчечекей» бала бакчасынын имаратын толук капиталдык ремонттон өткөрүү;
- Көзү азиздер жана дүлөйлөр коомунун «Шырдак, кийиз жасоочу цехине керектүү шаймандарды алуу»;
- Шаар аймагында кыз-келиндер үчүн тигүү цехин ачуу;
- Мөмө-жемишти кайра иштетүүчү (мөмө ширесин чыгаруу) цехин куруу;
- Шамалды-Сай шаарчасындагы чек ара башкармалыгынын кызматкерлери үчүн курулган турак жайдын жанындагы жолду асфальттоо
3. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
4. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык Кенештин алдындагы «Экономика жана бюджет» боюнча туруктуу комиссиясына (К.Сооронбаев) жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин төрагасы: |
С. Кудайбердиев |