Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXIX чакырылышы Кезектеги XXVIII сессиясы
2021-жылдын 13-октябры № 7
““Суу Чарба” ишканасынын 09.07.2021-жылдагы “Таш-Көмүр шаары боюнча 2021-жыл үчүн суунун тарифин карап берүү тууралуу” №34 кайрылуу каты жөнүндө”
“Суу Чарба” ишканасынын 09.07.2021-жылдагы “Таш-Көмүр шаары боюнча 2021-жыл үчүн суунун тарифин карап берүү тууралуу” №34 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү С.Сарбагышеванын маалыматын угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXIX чакырылышынын кезектеги 28 – cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Суу Чарба” ишканасынын 09.07.2021-жылдагы “Таш-Көмүр шаары боюнча 2021-жыл үчүн суунун тарифин карап берүү тууралуу” №34 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү С.Сарбагышеванын маалыматы эске алынсын.
2. Таш-Көмүр шаары боюнча 2021-жыл үчүн суунун тарифи калкка 1 м3 х 10 сом 15 тыйын, бюджеттик мекемелерге жана өндүрүштүк ишканаларга 1 м3 х 18 сом 00 тыйын, жеке ишкерлереге 1 м3 х 30 сом 00 тыйын өлчөмүндө бекитилсин.
3. Токтомду аткаруу жана шаардын тургундарына массалык маалымат каражаттары аркылуу маалымдоо, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы «Суу чарба» мекемесине (Э.Кулуев) милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
5. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык Кенештин алдындагы «Мыйзамдуулук» боюнча туруктуу комиссиясына (А.Райымжанов) жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин төрагасы: |
С. Кудайбердиев |