Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXIX чакырылышы Кезектеги XXVIII сессиясы
2021-жылдын 13-октябры № 9
“Шаардык мэриянын 05.07.2021-жылдагы “Тендик аймактык башкармалыгына караштуу “Ийри Булун” жана “Центр” насостук станцияларын кайрадан Ноокен РСЧБнын балансына өткөрүп берүү тууралуу” №01-14/1005 кайрылуу каты жөнүндө”
Шаардык мэриянын 05.07.2021-жылдагы “Тендик аймактык башкармалыгына караштуу “Ийри Булун” жана “Центр” насостук станцияларын кайрадан Ноокен РСЧБнын балансына өткөрүп берүү тууралуу” №01-14/1005 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү С.Сарбагышеванын маалыматын угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXIX чакырылышынын кезектеги 28 – cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык мэриянын 05.07.2021-жылдагы “Тендик аймактык башкармалыгына караштуу “Ийри Булун” жана “Центр” насостук станцияларын кайрадан Ноокен РСЧБнын балансына өткөрүп берүү тууралуу” №01-14/1005 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү С.Сарбагышеванын маалыматы эске алынсын.
2. “Тендик аймактык башкармалыгына караштуу “Ийри Булун” жана “Центр” насостук станцияларын кайрадан Ноокен РСЧБнын балансына өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө” маселе толук такталбагандыгына байланыштуу кийинки сессияга жылдырылсын.
3. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
4. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясына (А.Райымжанов) жүктөлсүн
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин төрагасы: |
С. Кудайбердиев |