Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXIX чакырылышы Кезектеги XXVIII сессиясы
2021-жылдын 13-октябры № 10
“Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди көрсөтүү боюнча шайлоочулардын жыйындарынын протоколдорун бекитүү жана Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына сунуштоо жөнүндө»
Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди көрсөтүү боюнча шайлоочулардын жыйындарынын протоколдорун бекитүү жана Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына сунуштоо тууралуу Таш-Көмүр шаардык Кенешинин жооптуу катчысы Э.Тажимырзаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин ХХIX чакырылышынын кезектеги 28– cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди көрсөтүү боюнча шайлоочулардын жыйындарынын протоколдорун бекитүү жана Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына сунуштоо тууралуу Таш-Көмүр шаардык Кенешинин жооптуу катчысы Э.Тажимырзаевдин билдирүүсү эске алынсын.
2. Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди көрсөтүү боюнча шайлоочулардын жыйындарынын протоколдору №1 тиркемеге ылайык бекитилсин. /тиркеме тиркелет/
3. №1 тиркемеде бекитилген Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясынын резерви Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына сунушталсын.
4. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
5. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кенештин аппаратына жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин төрагасы: |
С. Кудайбердиев |