Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXIX чакырылышы Кезектеги XXIX сессиясы
2021-жылдын 24-ноябры № 2
«Шаардык мэриянын «Таш-Көмүр шаарынын 2018-2022-жж. социалдык-экономикалык өнүгүү программасына өзгөртүү киргизүү тууралуу» №01-14/1682 кайрылуу каты жөнүндө»
Шаардык мэриянын 18.11.2021-жылдагы «Таш-Көмүр шаарынын 2018-2022-жж. социалдык-экономикалык өнүгүү программасына өзгөртүү киргизүү тууралуу» №01-14/1682 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Сооронбаевдин жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин ХХIX - чакырылышынын кезексиз 29 - сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык мэриянын 18.11.2021-жылдагы «Таш-Көмүр шаарынын 2018-2022-жж. социалдык-экономикалык өнүгүү программасына өзгөртүү киргизүү тууралуу» №01-14/1682 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Сооронбаевдин билдирүүсү эске алынсын.
2. Таш-Көмүр шаарынын 2018-2022-жж. социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын «Билим берүү тармагына тийиштүү имараттарды реконструкциялоо, ремонттоо жана жаңы имараттарды куруу» боюнча 2.6 пунктуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин жана 3.7 пункту «Шахтер» стадионун капиталдык ремонттон өткөрүү деп толукталсын:
№ | Долбоордун аталышы | Жайгашкан жери | Долбоордун жалпы суммасы | Өздүк салым ЖБ | Дем берүүчү (үлүштүк)грант |
1 | №2 К. Осмонкулов атындагы мектебинин Чатырын ондоо, эшик терезелердин,блокторун алмаштыруу | Шамалды-Сай шаарчасы | 3 498 231 | 524 735 | 2 973 496 |
2 | №1 Н.Островский атындагы орто мектебинин эшик терезе блокторун алмаштыруу | Таш-Көмур | 3 485 816 | 522 872 | 2962944 |
3 | №3 Байчечекей бала бакчасынын айнек коробкаларын, жылуулук ситемасын жана электрзымдарын алмаштыруу | Таш-Көмүр | 3 497 880 | 524 682 | 2 973 198 |
4 | №4 Жомок бала бакчасынын чатырын жана айнек терезелерин алмаштыруу | Кызыл-Алма | 3 470 669 | 520 601 | 2 950 068 |
3. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
4. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кенештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясына (К.Сооронбаев) жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык Кенешинин төрагасынын орун басары: |
А. Рахманов |