Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2003-жылдын 2-январы N 1
Баткен областынын Кадамжай районундагы Орозбеков жана Марказ айыл өкмөттөрүнө жекече турак-жай үйлөрүн куруу үчүн жер берүү жөнүндө
2002-жылдын 30-июнунда жана 20-июлунда Кадамжай районунун аймагында болгон нөшөрлүү жамгырдын натыйжасында жапа чеккендерге жардам көрсөтүү максатында жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Баткен областтык мамлекеттик администрациясынын Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнча республикалык комиссия менен макулдашылган Кадамжай поселкалык жана Орозбеков айыл өкмөттөрүнүн аймагында сел агымынын кесепетинен жапа чеккен үй-бүлөлөргө жекече турак үйлөрдү куруу үчүн "Айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан" "Калктуу конуштардын жерлери категориясына" Баткен областынын Кадамжай районундагы Орозбеков айыл өкмөтүнүн Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун 1,6 га сугат аянтын жана Марказ айыл өкмөтүнүн Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун 1,6 га сугат аянтын которуу жөнүндө сунушу кабыл алынсын.
2. Баткен областтык мамлекеттик администрациясы:
- жер-эсепке алуу документациясына тиешелүү өзгөртүү киргизсин;
- бөлүнгөн жер участкаларына курулуш курууга пландоо документацияларын иштеп чыксын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр Н.Танаев