Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2009-жылдын 26-ноябрындагы N 721 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2003-жылдын 12-февралы N 50
"Көмүр" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн
2003-жылдын 18-августундагы N 528,
2005-жылдын 1-февралындагы N 51,
2005-жылдын 27-сентябрындагы N 455 токтомдорунун
редакцияларына ылайык)
2005-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук энергетикалык программасын ишке ашыруу, Кыргыз Республикасынын көмүр казып алуу тармагынын иш-аракеттерин өркүндөтүү, көмүр өнөр жайынын өндүрүштүк-чарбалык иш-аракеттерин координациялоо, көмүр тармагын өнүктүрүүнүн проблемаларын комплекстүү чечүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Оперативдүү башкаруу укугуна негизделген "Көмүр" мамлекеттик ишканасы түзүлсүн.
2. "Көмүр" мамлекеттик ишканасынын тиркелген Уставы бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги белгиленген тартипте "Көмүр" мамлекеттик ишканасын мамлекеттик каттоону жүргүзсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана тике инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитети белгиленген тартипте оперативдүү башкаруу укугундагы "Көмүр" мамлекеттик ишканасына төмөнкү көмүр казуучу ишканалардын акцияларынын мамлекеттик пакеттерин өткөрүп берсин:
- "Ак-Улак разрези" мамлекеттик акционердик коомунун;
"Таш-Көмүр" мамлекеттик акционердик коомунун;
- "Коргон-Таш" акционердик коомунун;
- "Сүлүктүкөмүр" акционердик коомунун;
ошондой эле "Шахта Беш-Бурхан көмүр" жоопкерчилиги чектелген коомунун уставдык капиталындагы мамлекеттик үлүшүн.
5. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана тике инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитети жана Кыргыз Республикасынын Тышкы соода жана өнөржай министрлиги белгиленген тартипте "Көмүр" мамлекеттик ишканасына Ош шаары, Алишер Навои көчөсү, 54 дареги боюнча жайгашкан имаратты жана Бишкек шаары, Чүй проспекти, 106 дареги боюнча "Кыргызкөмүр корпорациясы" ачык типтеги акционердик коому жайгашкан жайды "Көмүр" мамлекеттик ишканасын жайгаштыруу үчүн өткөрүп берсин.
(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 1-февралындагы N 51 токтомунун, 2005-жылдын 27-сентябрындагы N 455 токтомунун редакцияларына ылайык)
6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана тике инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Тышкы соода жана өнөр жай министрлиги, "Кыргызкөмүр корпорациясы" ачык типтеги акционердик коому бир айлык мөөнөттө "2005-жылга чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын көмүр өнөр жайын өнүктүрүү программасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 13-августундагы N 544 токтомунун N 2 тиркемесине ылайык "Кыргызкөмүр" көмүр казып алуу жана сатуу боюнча мамлекеттик концерни аркылуу мурда алынган бюджеттик ссудалар боюнча көмүр өнөр жайынын иштеп жаткан ишканаларынын карыздарын карыздык милдеттенмелерди түзүү жолу менен кайра тариздешсин.
7. Кыргыз Республикасынын Тышкы соода жана өнөр министрлиги, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы "Көмүр" мамлекеттик ишканасын оргтехника, офистик мебель жана транспорт менен камсыз кылууда көмөк көрсөтүшсүн.
8. (КР Өкмөтүнүн 2003-жылдын 18-августундагы N 528 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту деп табылган)
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын отун-энергетикалык комплекс жана кен казып алуу тармагы бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр Н.Танаев