Загрузка документа…
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2003-жылдын 17-февралы N 72
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Ысык-Көл областынын Ысык-Көл районунан эс алуу базаларын
жана туристтик комплекстерди куруу үчүн жер берүү жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 16-январындагы
N 30 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Ысык-Көл областынын Ысык-Көл районунан эс алуу базаларын жана
туристтик комплекстерди куруу үчүн жер берүү жөнүндө" Кыргыз Республи-
касынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 16-январындагы N 30 токтомуна төмөнкүдөй
өзгөртүү киргизилсин:
1-пункттун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
- "Бакыт" жоопкерчилиги чектелген коомуна Чолпон-Ата шаарынын пай-
даланылбаган 8,0 га башка жерлеринен эс алуу базаларын долбоорлоо жана
куруу үчүн 49 жыл мөөнөткө убактылуу пайдаланууга;".
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү жана
жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр Н.Танаев