Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-апрелиндеги № 266 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2003-жылдын 19-марты № 143
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Менчиктештирүү объекттеринин наркын баалоо боюнча методикалык сунуштарды бекитүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-августундагы № 463 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Тиркелгендер бекитилсин: - (Экинчи абзацы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-августундагы № 463 токтомуна ылайык алып салынды) - (Үчүнчү абзацы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-августундагы № 463 токтомуна ылайык алып салынды) - Мамлекеттик менчикте турган транспорт каражаттарын (номерлүү агрегаттарды) сатуу жана алардын наркын баалоо методикасы жөнүндө жобо. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-августундагы № 463 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Күчүн жоготту деп эсептелсин: - "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчиктин менчиктештирилчү объекттеринин мүлкүнүн наркын баалоо боюнча методикалык көрсөтмөлөрдү бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 1-апрелиндеги № 184 токтому; - "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 15-майындагы N 233 токтомунун 6-пункту.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын экономика, инвестициялар жана мамлекеттик менчик башкармалыгына жүктөлсүн.
|