Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-майындагы № 220 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2003-жылдын 25-апрели № 245

Баштапкы кесиптик билим берүү системаларынын иштерин жөнгө салуучу  ченемдик-укуктук актылар жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-сентябрындагы № 511 токтомунун редакциясына ылайык)

Баштапкы кесиптик билим берүү системасынын билим берүүчү уюмдарынын иштерин өркүндөтүү жана системалаштыруу максатында, ошондой эле "Баштапкы кесиптик билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-сентябрындагы № 511токтомунун редакциясына ылайык)

1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- Баштапкы кесиптик билим берүүнүн билим берүүчү уюмдары жөнүндө типтүү жобо;

- Баштапкы кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик стандарттары жөнүндө жобо;

- (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-сентябрындагы № 511токтомуна ылайык күчүн жоготту).

2. Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги өзүнүн ченемдик-укуктук актыларын ушул токтомго ылайык келтирсин.

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-сентябрындагы № 511 токтомунун редакциясына ылайык)

3. "Кыргыз Республикасында кесиптик билим берүү иштерин жөнгө салуучу нормативдик актыларды бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 28-мартындагы № 105 токтому күчүн жоготту деп табылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын социалдык-маданий өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

 

Н.Танаев