Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-июнундагы № 398 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2003-жылдын 1-июлу № 399
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарында жашаган жана иштеген адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 25-июнундагы № 377 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарында жашаган жана иштегеи адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 25-июнундагы № 377 токтомунун № 1 тиркемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - "Тогуз-Торо району" деген бөлүмдүн "райондук коэффициент" графасындагы 2, 6, жана 14-пункттарындагы "1,20" деген цифра "1,45" деген цифра менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда белгиленген кошумча төлөөлөрдүн коэффициенттерин төлөө 2003-жылдын 1-июлунан тартып жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин.
3. Бул токтом жалпыга маалымат каражаттарында жарыялансын.
|