КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 8-февралындагы № 82 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2003-жылдын 22-июлу N 451
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча координациялык кеңеш жөнүндө
Мамлекеттик башкаруу органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмелеринин (алардын союздарынын, ассоциацияларынын) макулдашылган иш-аракеттерин камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча координациялык кеңеш түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча координациялык кеңеш жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттик комиссия Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча координациялык кеңештин курамы боюнча белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш киргизсин.
Премьер-министри |
| Н. Танаев |