Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-февралындагы № 101 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 15-июнундагы N 352 токтому менен бекитилген |
"Кыргыз Туусу" Басма үйү жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-майындагы N 244, 2012-жылдын 30-июлундагы N 521, КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы N 57 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I. "Кыргыз Туусу" Басма үйүнүн максаттары жана милдеттери
1. "Кыргыз Туусу" Басма үйү Кыргыз Республкасында жүргүзүлүп жаткан социалдык-экономикалык реформалардын шартында мамлекеттик жана коомдук жалпыга маалымдоо каражаттарын өнүктүрүү программасын жүзөгө ашыруу; бир аталыштагы күн сайын чыгуучу жалпы улуттук газетаны, башка мезгилдүү басылмаларды чыгаруу; Кыргыз Республикасынын Президентинин коомдук кабылдамасынын жигердүү ишмердигин камсыз кылуу; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген жана Басма үйүнүн өзүн-өзү каржылоосу менен кирешелүүлүгүнө жетишүүгө багытталган басма жана өндүрүштүк-чарбалык ишмердүүлүктү жүргүзүү үчүн түзүлгөн.
1-1. "Кыргыз Туусу" Басма үйү мекеменин уюштуруу-укуктук формасында иштеген, оперативдүү башкаруу укугуна негизделген өз алдынча юридикалык жак болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы N 57 токтомунун редакциясына ылайык)
2. "Кыргыз Туусу" Басма үйүнүн жана анын структуралык бөлүмдөрүнүн милдеттери болуп: өлкөдө жана дүйнөдөгү коомдук-саясий, социалдык, ишкердик жана маданий турмуштун окуялары менен процесстери тууралуу чынчыл маалымат берүүчү-публицистикалык материалдарды убагында таркатуу; социалдык-экономнкалык реформаларды жана бийлик демократиясынын өнүгүшүн ырааттуу чагылдыруу; басма сөз, коом жана мамлекеттин коммуникативдуу карым-катышынын принципиалдуу моделдерин өнүктүрүү эсептелет.
II. "Кыргыз Туусу" Басма үйүнүн юридикалык статусу
3. "Кыргыз Туусу" Басма үйүнүн жана бир аталыштагы мезгилдүү жалпы улуттук газетанын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы N 57 токтомунун редакциясына ылайык)
4. "Кыргыз Туусу" Басма үйү өз ишмердигинде "Басма иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" мыйзамын, ошондой эле ушул Жобо менен өзүнүн Уставын жетекчиликке алат.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-июлундагы N 521 токтомунун редакциясына ылайык)
5. "Кыргыз Туусу" Басма үйү юридикалык тарап болуп саналат, өз аталышы жана символикасы бар мөөр, штамп, иш кагазына, республикалык жана чет өлкөлүк банктарда эсеп-кысаптык жана башка счетторго ээ.
6. "Кыргыз Туусу" Басма үйү мүлк жана мүлк түрүндө эмес укуктарга ээ болуу үчүн келишимдерди, контракттарды түзөт, тийиштүү милдеттенмелерди алыш, сот, арбитражда талап кылуучу жана жооп берүүчү катары чыгат.
III. "Кыргыз Туусу" Басма үйүн башкаруу
7. "Кыргыз Туусу" Басма үйүнүн ишин маданият жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган багыттайт жана координациялайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы N 57 токтомунун редакциясына ылайык)
8. "Кыргыз Tууcу" Басма үйүн директор-башкы редактор жетектейт.
9. Директор - башкы редактор маданият жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин сунушу боюнча же мындай сунушсуз Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы N 57 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Директор-башкы редактор дайындалып жаткандагы полномочиелерине ылайык Басма үйүнүн жана мезгилдүү чыгуучу жалпы улуттук газетанын редакциясынын, башка басылмалардын эмгек коллективин топтойт, алар тийиштүү тартипте каттоодон өткөндөн кийин юридикалык тараптын укугуна ээ болот.
11. "Кыргыз Туусу" Басма үйүнүн директор-башкы редактору ишкана, мезгилдүү жалпы улуттук газетанын редакциясы жана ага баш ийген структуралык бөлүмдөрдүн практикалык ишмердүүлүгүнүн бардык маселелерин чечет, учредитель, мамлекеттик органдар, коомдук уюмдар, авторлор, атуулдар менен мамилелерде, ошондой эле сотто, арбитражда алардын атынан чыгат, мүлктү башкарат, келишимдер менен контракттарды түзөт, ишеним кагазын берет, банктарда эсеп-кысап жана башка счетторду ачат.
12. Директор-башкы редактор өзүнүн кызмат бийлигинин чегинде ишкананын бардык кызматкерлери үчүн аткарууга милдеттүү болгон буйруктар менен көрсөтмөлөрдү чыгарат, структура, штаттарды аныктайт, кызматкерлер ортосундагы милдеттерди бөлүштүрөт, кызматкерлерди ишке кабыл алат жана бошотот, сыйлайт жана жазалайт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка укуктарды аткарат.
13. "Кыргыз Туусу" Басма үйүнүн директору - башкы редакторунун бир орун басары болот, ал маданият жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин сунушу боюнча же мындай сунушсуз Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
"Кыргыз Туусу" Басма үйүнүн директору - башкы редактору жок болгон учурда анын милдеттерин орун басары аткарат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы N 57 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Күн сайын чыгуучу жалпы улуттук газетанын аткаруучу редакторлору, структуралык бөлүмдөрдүн жетекчилери директор-башкы редактордун буйругу менен дайындалат, белгилуу иш тармагы үчүн жооптуу болушат, басма сөз органынын саясий багытын аныктоого, чыгармачылык жана өндүрүштүк процесстерди башкарууга катышат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы N 57 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Күн сайын чыгуучу жалпы улуттук газетанын, башка басылмалардын, өндүрүштүк жана башка структуралык бөлүмдөрдүн эмгек коллективдеринин мүчөлөрү өз ишмердигинде ушул Жобонун негизинде иштелип чыккан тармактык уставдарды жана ички тартиптин эрежелерин жетекчиликке алышат.
IV. "Кыргыз Туусу" Басма сөз үйүнүн мүлкү
16. "Кыргыз Туусу" Басма үйүнүн материалдык-техникалык базасы жүргүзүлүп жаткан кайра түзүүгө ылайык "Кыргыз Туусу" газетасынын редакциясынын балансынан өтмө укукка ээ болуучулук жолу менен анын карамагына берилген негизги жана айланма каражаттар, ошондой эле башка материалдык жана финансылык ресурстардан түзүлөт.
17. "Кыргыз Туусу" Басма үйүнүн мүлкүн толуктоонун мындан аркы булагы болуп кайрымдуулук же башка акысыз берилген салымдар, мыйзамда тыюу салынбаган башка төлөмдөр: жалпыга маалымдоо каражаттарын сатуудан, реклама, өндүрүш, коммерция жана башка ишмердүүлүк түрүнөн чогулган кирешелер, башка баалуу кагаздар, кредиттер, бюджеттен берилчу дотациялар эсептелет.
"Кыргыз Тусуу" Басма үйү бул мүлктөргө ээлик кылуу (пайдалануу) укугун жүзөгө ашырат, атайын максаттуу фонддорду өз алдынча түзөт, аларды түзүүнүн нормативин аныктайт.
18. "Кыргыз Туусу" Басма үйүнүн ишмердигинен табылган киреше барыдан мурда өндүрүш, социалдык базаны өнүктүрүүгө, негизги жана структуралык бөлүмдөрдүн кызматкерлеринин материалдык абалын жакшыртууга пайдаланылат.
V. "Кыргыз Туусу" Басма үйүн кайра түзүү жана жоюу
19. "Кыргыз Туусу" Басма үйүн кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы N 57 токтомунун редакциясына ылайык)
20. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы N 57 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
21. "Кыргыз Туусу" Басма үйүнүн ишинин процессинде пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы N 57 токтомунун редакциясына ылайык)