Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 21-январындагы № 19 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 11-декабрындагы N 771 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик баалуу металлдар жана асыл таштар фонду жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-январындагы № 19 токтомунун редакциясына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1.1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын "Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" Мыйзамына ылайык иштелип чыкты жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Баалуу металлдар жана асыл таштар фондун (мындан ары - Мамфонд) түзүүнүн жана анын Кыргыз Республикасынын аймагында иш жүргүзүшүнүн тартибин аныктайт.
1.2. Мамфонд Кыргыз Республикасынын алтын-валюта резервдеринин бөлүгүн түзөт жана ушул Жобонун 2.2. пунктундда белгиленген булактардан алынган баалуу металлдардын, асыл таштардын, ошондой эле алардан жасалган буюмдардын (мындан ары - баалуулуктар деп аталат) жыйындысын билдирет.
1.3. Мамфонд Кыргыз Республикасынын өндүрүштүк, финансылык, илимий, социалдык-маданий жана башка керектөөлөрүн камсыз кылуу үчүн арналган. Мамфондго кириштелген баалуулуктар мамлекеттин менчиги болуп эсептелет.
1.4. Бул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:
баалуу металлдар - алтын, күмүш, платина жана платиналык топко кирген металлдар (палладий, родий, иридий, рутений жана осмий). Баалуу металлдар ар кандай абалда, түрдө, анын ичинде аффинаждалган түрдө, анын ичинде жарым фабрикаттарда, өнөр жай продуктуларында, химиялык кошулмаларда, зергердик жана башка буюмдарда, тыйындарда, керектөөдөн кийинки сыныктарында жана калдыктарда болушу мүмкүн;
асыл таштар - табигый алмаздар, зымырыттар, рубиндер, сапфирлер жана александриттер, ошондой эле иштетилген түрдөгү табигый акак таштар. Асыл таштар приборлордо, жабдууларда, аспаптарда, техникалык арналыштагы буюмдарда, ошондой эле зергердик, турмуш-тиричилик буюмдарында болушу мүмкүн;
баалуу металлдарды аффинаждоо - алынган баалуу металлдарды кошулмалардан жана аралаш жүргөн компоненттерден тазалоо, аларды Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулган мамлекеттик стандарттарга жана техникалык шарттарга жана (же) аффинаждалган баалуу металлдардын эл аралык стандарттарына ылайык келген сапатка жеткирүү процесси;
баалуулуктарды мамлекеттик сактоочу жай (Мамсактоо) - Мамлекеттик фонддун баалуулуктарын, ошондой эле юридикалык жактарга таандык баалуу металлдарды, асыл таштарды келишимдик негизде сактоочу мамлекеттик ишкана;
баалуу металлдар жана асыл таштар рыногунун субъекттери - баалуу металлдарды, асыл таштарды казып алуучу, иштетүүчү ишканалар; аффинаждык заводдор; ыйгарым укук берилген коммерциялык банктар; белгиленген тартипте катталган башка чарбакер субъекттер жана жеке ишкерлер.
II. Мамфондду түзүүнүн тартиби
2.1. Мамфондду түзүү жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасыньш Өкмөтү тарабынан кабыл алынат.
2.2. Мамфонд төмөндөгүлөрдүн эсебинен түзүлөт жана толукталып турат:
- баалуу металлдардын жана асыл таштардын рыногундагы субъектилерден республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен сатып алынган баалуу металлдардан жана асыл таштардан;
- баалуу металлдарды казып алуучу субъектилерден республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен сатып алынган баалуу металлдардын сейрек уютмаларынан;
- баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган буюмдарды сатып алуучу уюмдардан республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен сатып алынган баалуу металлдан жана асыл таштан жасалган буюмдардан;
- республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен калктан сатып алынган баалуу металлдардан, асыл таштардан жана алардан жасалган буюмдардан жана ал буюмдардын сыныктарынан;
- баалуу металлдардан, асыл таштардан жасалган, тарыхый, антиквардык, чоң материалдык баалуулукка ээ, жогорку көркөмдүктөгү, республикалык бюджеттин эсебинен даярдалган же сатып алынган зергердик жана башка буюмдардан;
- мыйзамда белгиленген тартипте мажбурлоо тартибинде алып коюлган баалуу металлдардан, асыл таштардан, алардан жасалган буюмдардан жана алардын сыныктарынан;
- мыйзамда белгиленген тартипте ээси жок деп табылган баалуу металлдардан, асыл таштардан, алардан жасалган буюмдардан жана алардын сыныктарынан;
- мамлекетке мурастоо укугу жана белекке берүү аркылуу өткөрүп берилген баалуу металлдардан, асыл таштардан, алардан жасалган буюмдардан жана алардын сыныктарынан;
- баалуу металлдардын, асыл таштардын, алардан жасалган буюмдардын жана алардын сыныктарынын кенчинен;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынык тиешелүү структуралары тарабынан өткөрүп берилген мурдагы СССРдин баалуу металлдардан жана асыл таштардан даярдалган мамлекеттик сыйлыктарынан;
- баалуу металлдардан, асыл таштардан жасалган, мамлекеттик ишке байланыштуу Кыргыз Республикасынын граждандары тарабынан белек катары алынган буюмдардан;
- Мамфонддун карамагына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка негиздер боюнча берилген баалуу металлдардан жана асыл таштардан, ошондой эле алардан жасалган буюмдардан.
2.3. Мамфонддун баалуулуктарын сатып алууга каралган каражаттар республикалык бюджеттин чыгымдоо бөлүгүндө милдеттүү түрдө эсепке алынууга тийиш.
2.4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти финансылык жылда Мамфонддун баалуулуктарынын толтурулушу жана чыгымдалышы жөнүндө жана республикалык бюджеттин каражаттарынын пайдаланылышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине отчет берет, ошондой эле Мамфонддун баалуулуктарынын сакталышы үчүн жооптуу болот.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-январындагы № 19 токтомунун редакциясына ылайык)
III. Мамфонддун баалуулуктарын кабыл алуу, сактоо жана эсепке алуу тартиби
(Бөлүктүн аталышы КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-январындагы № 19 токтомунун редакциясына ылайык)
3.1. Мамфонддун баалуулуктары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаментинин Мамлекеттик баалуулуктарды сактоочу жайында (Мамсактоо) сакталат.
3.2. Мамсактоонун баалуулуктарды кабыл алууну, сактоону, эсепке алууну, сорттоону, берүүнү, ташууну жүзөгө ашыруучу кызматкерлери колдонуудагы мыйзамдарга ылайык материалдык жоопкерчиликте болушат.
3.3. Мамфонддун баалуулуктарын оперативдүү жана бухгалтердик эсепке алуу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти тарабынан эсепке алуунун бекитилген эрежелерине ылайык жүзөгө ашырылат.
3.4. Мамфонддун баалуулуктары менен жүргүзүлгөн бардык операциялар белгиленген формадагы эсептик документтер менен таризделет.
3.5. Мамфондго түшкөн баалуулуктар эсептик документтерге түшүү булактары боюнча, эсептердин номенклатурасы, баалуу металлдарды жана асыл таштарды теги боюнча сорттолушу жана кайра сорттолушу боюнча киргизилүүгө тийиш.
3.6. Баалуулуктарды Мамфондго кириштөөдө алардын наркы төмөнкүдөй тартипте аныкталат:
- аффинаждалган баалуу металлдар - сатып алынган учурда дүйнөлүк бааларга жараша аныкталуучу сатык баалары боюнча;
- экинчи сырьедон алынган баалуу металлдар келишимдик, бирок дүйнөлук баалардан жогору эмес баалар боюнча;
- баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган жана кенчтерден табылган көркөмдүгү жогорку буюмдар - ведомстволор аралык комиссия аныктоочу баалар боюнча;
- конфискацияланган же башкача негиздер боюнча өткөрүп берилген баалуу металлдардан, асыл таштардан жасалган буюмдар жана алардын сыныктары - сатып өткөрүлгөн учурга чейин наркы аныкталбастан.
3.7. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-январындагы № 19 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3.8. Мамфондго түшкөн кондициялуу эмес баалуу металлдар, алардан жасалган буюмдар жана алардын сыныктары аффинаждоо ишканалары тарабынан келишимдик негизде иштетилет.
3.9. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-январындагы № 19 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3.10. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-январындагы № 19 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3.11. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-январындагы № 19 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3.12. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-январындагы № 19 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3.13. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-январындагы № 19 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3.14. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-январындагы № 19 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3.15. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-январындагы № 19 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3.16. Мамсактоого түшүүчү баалуулуктарды кабыл алуу акыркы кабыл алуу актысын тариздөө менен төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:
- аффинаждалган баалуу металлдар - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти тарабынан берилген ишеним кат боюнча Мамсактоо өкүлдөрү тарабынан аффинаждоочу ишканада;
- конфискацияланган баалуу металлдар, алардан жасалган буюмдар жана алардын сыныктары - соттун өкүмүнүн жана токтомдорунун негизинде же башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын чечимдери боюнча.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-январындагы № 19 токтомунун редакциясына ылайык)
3.17. Баалуу металлдарды кайра иштетүү боюнча аткаруучу менен өз ара эсептешүүлөр аны сатуу учурундагы дүйнөлүк баа боюнча даяр продукциянын эсебинен жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-январындагы № 19 токтомунун редакциясына ылайык)
3.18. Мамфонддун баалуулуктарын сатуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдери менен ишке ашырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-январындагы № 19 токтомунун редакциясына ылайык)
IV. Мамфонддун баалуулуктарын санактан өткөрүү
4.1. Мамфонддун баалуулуктары эсептик маалыматтарды алардын иш жүзүндөгү болушу менен салыштыруу үчүн санактан өткөрүлүүгө тийиш. Санактан өткөрүү жылына кеминде бир жолу жүргүзүлөт.
4.2. Санактан жыйынтыктары жана анын таризделиши Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаментинин директорунун чечими менен бекитилет.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-январындагы № 19 токтомунун редакциясына ылайык)
4.3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти Мамфонддун баалуулуктарынын отчеттук мезгилдин ичинде толукталышы жана республикалык бюджеттин каражаттарынын пайдаланылышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине квартал сайын отчет берип турат.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Мамфонддун баалуулуктарынын толукталышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө квартал сайын отчет берип турат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-январындагы № 19 токтомунун редакциясына ылайык)