Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 24 январы №2/2
Кара-Суу шаарындагы таштандыларды алып чыгууну уюштуруу жөнүндө
Кара-Суу шаар мэриясынын 2022-жылдын 17-январындагы №01-20/18, 21-январындагы №01-20/24 сандуу каттарын угуп жана талкуулап шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Суу шаарындагы таштандыларды алып чыгууну уюштуруу максатында “Кара-Суу Тазалык” муниципалдык ишканасын түзүүгө уруксат берилсин.
2. “Кара-Суу Тазалык” муниципалдык ишканасын түзүү боюнча мыйзам чегинде иштерди алып баруу шаар мэриясына жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышы шаардык кеңештин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы | А.О. Назаров |