Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 24 январы №2/4
Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясынын курамын өзгөртүү жөнүндө
Кара-Суу шаар мэриясынын 2022-жылдын 11-январындагы №01-20/4 “Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясынын” курамын өзгөртүү жөнүндө сунушун карап жана талкуулап шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы төмөнкү курамда бекитилсин:
1. Ш.Осмоналиев - Кара-Суу шаарынын вице-мэри, комиссиянын төрагасы;
2. Ж.Полотов - Муниципалдык менчикти башкаруу боюнча департаментинин директору, төраганын орун басары;
3. П.Тыныбек уулу - Кара-Суу шаар мэриясынын жетектөөчү адиси (юрист), комиссиянын катчысы
Мүчөлөрү:
4. К.Коңуров - Кара-Суу шаарынын шаар курулушу жана архитектура башкармалыгынын башчысы;
5. М.Абакулов - Коомдук алдын алуу борборунун төрагасы;
6. Р.Таиров - Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаты;
7. Н.Шарабидинов - Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаты
2. Бул токтомдун аткарылышы шаардык кеңешинин мыйзамдуулук, укук, мандат, тартипти чыңдоо, кеңештин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы | А.О. Назаров |