Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 21-январы № 4/4
Айыл аймагында жашаган элди электр энергиясы менен тейлөөнүн жүрүшү жана дебитордук карыздардын төлөнүшүнүн абалы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 31-беренесинин негизинде айыл аймагында жашаган элди электр энергиясы менен тейлөөнүн жүрүшү жана дебитордук карыздардын төлөнүшү боюнча райондук ЭТИнын Ылай-Талаа участкасынын 2021-жылы жүргүзгөн иштеринин абалы жөнүндө Кара-Кулжа райондук электр тармактар ишканасынын Ылай-Талаа участкасынын башчысы А.Нурмамат уулунун маалыматын угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Айыл аймагында жашаган элди электр энергиясы менен тейлөөдө жана дебитордук карызды өндүрүүдө Кара-Кулжа райондук электр тармактар ишканасынын Ылай-Талаа участкасынын 2021-жыл ичинде жүргүзгөн иштери сын-пикирлерди эске алуу менен канааттандырарлык экендиги белгиленсин.
2. Айыл аймагында жашаган калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу, айрыкча күндүн суук мезгилинде жүйөөлүү себептери жок светтин өчүп калышына жол бербөө, айыл өкмөтү менен биргеликте жаңы конуштарда электр энергиясын колдонууда өз алдынча пайдалануудагы электр зымдарын атайын талапка жооп бере турган мамычаларды орнотуу менен чубалгыларды тартып жеткирип берүү, пайдаланган электр энергиясына тургундар тарабынан төлөмдөрдү өз убагында жүргүзүү, жеңилдик каралган калктын аялуу катмары менен жеринде иш алып баруу, учурда түзүлгөн кырдаалга байланыштуу электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу боюнча тургундар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана калктын дебитордук карыздарынын суммасын азайтуу боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү жагы Кара-Кулжа райондук электр тармактар ишканасынын Ылай-Талаа участкасынын башчысы А.Нурмамат уулуна милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин курулуш, транспорт, өнөр-жай, соода, ишкердүүлүк, байланыш, энергетика жана кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ылай-Талаа айылдык Кеӊешинин төрагасы | А.Кадамбаева |