Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 21-январы № 4/5
Айыл аймагында жашаган калктын саламаттыгын сактоодо Ылай-Талаа айылдык № 7 ҮДТ жана айыл аймагындагы ФАПтардын 2021-жыл ичинде жүргүзгөн иштеринин абалы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 31-беренесинин негизинде айыл аймагында жашаган калктын саламаттыгын сактоодо Ылай-Талаа айылдык № 7 ҮДТнун жана айыл аймагындагы ФАПтардын 2021-жыл ичинде жүргүзгөн иштеринин абалы боюнча Ылай-Талаа айылдык № 7 ҮДТ мекемесинин жетекчиси С.Алимбековдун берген маалыматын угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Айыл аймагында жашаган калктын саламаттыгын сактоодо Ылай-Талаа айылдык № 7 ҮДТ жана айыл аймагындагы ФАПтардын 2021-жыл ичинде жүргүзгөн иштери айрым сын- пикирлерди эске алуу менен канаттандырарлык деп табылсын.
2. Айыл аймагындагы жашаган тургундардын арасынан аялуу катмарына жана медициналык жардам сурап кайрылгандарды ФОМС тарабынан каралуучу дары-дармектер менен жетишээрлик камсыз кылуу, калк арасында социалдык, жугуштуу COVID илдеттеринин таралып кетишине жол бербөө үчүн көзөмөлдү күчөтүү, жаңыдан келген тез жардам автоунаасын максаттуу пайдалануу менен оорулууларга ыкчам медициналык жардамдарды көрсөтүү жагы Ылай-Талаа айылдык № 7 ҮДТ мекемесинин жетекчиси С.Алимбековго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ылай-Талаа айылдык Кеӊешинин төрагасы | А.Кадамбаева |