Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 21-январы № 4/6
Ылай-Талаа айылындагы А.Осмонов атындагы орто мектебинин алдындагы Ылай-Талаа балдар бакчасына Кочкорова Канзаданын ысымын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 сандуу “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Административдик-аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө” токтомунун талаптарына ылайык Ылай-Талаа балдар бакчасынын кызматкерлеринин 2021-жылдын 4-ноябрындагы жалпы жыйынынын № 1 протоколун карап чыгып айылдык Кенешти мыйзамдуулук, укук тартиби, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушунун негизинде Ылай-Талаа айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Ылай-Талаа айылындагы А.Осмонов атындагы орто мектебинин алдындагы Ылай-Талаа балдар бакчасына Кочкорова Канзаданын ысымы ыйгарылсын.
2. Кочкорова Канзаданын ысымы ыйгарылган мекемеге аталыштарын өзгөртүп жаздырып, өз мүмкүнчүлүгүнүн чегинде демөөрчүлүк иш-аракеттерин жүргүзүү жана муктаждыктарына көмөк көрсөтүп туруу жагы уулу Айдаров Кыялбекке милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин мыйзамдуулук, укук тартиби, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ылай-Талаа айылдык Кеӊешинин төрагасы | А.Кадамбаева |