Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 21-январы № 4/7
Ылай-Талаа айылындагы А.Осмонов атындагы орто мектебинин алдындагы окуу борборуна Карим кызы Сүйүмкандын ысымын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 сандуу “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Административдик-аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө” токтомунун талаптарына ылайык Ылай-Талаа айылынын № 3,4,5 бөлүмдөрүнүн жашоочуларынын 2021-жылдын 1-ноябрындагы жалпы жыйынынын № 1 протоколун карап чыгып айылдык Кенешти мыйзамдуулук, укук тартиби, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушунун негизинде Ылай-Талаа айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Ылай-Талаа айылындагы А.Осмонов атындагы орто мектебинин алдындагы окуу борборуна (маркум) Карим кызы Сүйүмкандын ысымы ыйгарылсын.
2. Карим кызы Сүйүмкандын ысымы ыйгарылган окуу борборуна аталыштарын жаздырып, өз мүмкүнчүлүгүнүн чегинде демөөрчүлүк иш-аракеттерин жүргүзүп туруу жана муктаждыктарына көмөк көрсөтүү жагы уулу Абдымомунов Эрнистке милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин мыйзамдуулук, укук тартиби, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ылай-Талаа айылдык Кеӊешинин төрагасы | А.Кадамбаева |