Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 21-январы № 4/9
Айыл аймагынын Сары-Таш айылындагы Уй-Сарай көчөсүнө (маркум) Абакиров Үтөңбайдын ысымын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 сандуу “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Административдик-аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө” токтомунун талаптарына ылайык Сары-Таш айылынын Уй-Сарай көчөсүнүн жашоочуларынын 2022-жылдын 11-январындагы жалпы жыйынынын № 1 протоколун карап чыгып айылдык Кенешти мыйзамдуулук, укук тартиби, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушунун негизинде Ылай-Талаа айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Айыл аймагынын Сары-Таш айылындагы Уй-Сарай көчөсүнө (маркум) Абакиров Үтөңбайдын ысымы ыйгарылсын.
2. Абакиров Үтөңбайдын ысымы ыйгарылган көчөнүн абалын талапка ылайык деңгээлде болушун камсыздап, аталышын жаздырып, номерлерин илдирип, түнкү жарыктандыруу, шагыл төгүп тегиздөө маселелерин чечип берүү, дайыма көзөмөлдөп туруу жагы уулу Абакиров Алеке Үтөңбаевичке милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин мыйзамдуулук, укук тартиби, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ылай-Талаа айылдык Кеӊешинин төрагасы | А.Кадамбаева
|